Британиялык пилоттор учак ичинен видео тарткандыгы үчүн кызматтан айдалды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСамолет Airbus A320
Самолет Airbus A320 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя март айында Париж — Мадрид каттамында болгон.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Британиянын EasyJet авиакомпаниясы учуу маалында өздөрүнүн кызмат ордун видеого тартып, аны социалдык тармакка жүктөгөндүгү үчүн учкучту жумуштан айдады. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

АКШда аман калганына сүйүнгөн учкуч жерди өөп жиберди. Видео - Sputnik Кыргызстан
АКШда аман калганына сүйүнгөн учкуч жерди өөп жиберди. Видео
Аталган авиакомпанияда чуу жараткан окуя март айында Париж — Мадрид каттамында болгон.

Макаладагы маалыматка караганда, видеону өзүнүн уюлдук телефонуна аба кемесинин командири тартып, экинчи учкуч документтерди толтуруп жаткан жеринен бийлемиш болуп колдорун кыймылдатат.

"Учкучтар бул видеону тогуз чакырым бийиктикте тартышкан. Муну көргөн кардарлар бардык эле учкучтар кабинасында көңүл ачып отурат деп ишеним артпай калышы ыкмымал. Учурда эки кызматкер тең жумуштан четтетилди", — деп айткан аталган компаниянын директору Йохан Лундгрен.

Улуу Британиянын авиациялык эрежелерине ылайык, учуу маалында пилоттор убактысын маанисиз иштерге кетирбеши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0