ЖМК: согушкердин аялы делген кыргызстандык келин өлүм жазасына тартылмай болду

© AFP / MOHAMMED SAWAFКыргызстан и Ирак установили дипломатические отношения
Кыргызстан и Ирак установили дипломатические отношения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттердин эсептөөсүнө ылайык, Сириянын аймагы талкалангандан кийин Ирактын түрмөлөрүнө балалуу 1,4 миң аял камалган

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобун колдогон деп айыпталган кыргызстандык аял Иракта өлүм жазасына буюрулду. Бул тууралуу "Газета.ru" басылмасы билдирди.

17-апрелде КР жараны менен чогуу дагы алты чет элдик аял га өкүм чыккан. Россиянын жана Франциянын жарандары өмүр бою абакка кесилсе, азербайжандык үч аял өлүм жазасына тартылат. Ирактын Россиядагы элчиси Хайдар Мансур Хади айыпталган аялдардын акталса мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгү болгонун, бирок аларга өкүм чыкканын айтты.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азия жана КМШ аймагында теракт уюштурууга келген согушкер кармалды
Кыргызстандык аял тууралуу маалымат алуу үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына кайрылганда расмий сурам жазууну суранды.

Адам укуктарынын бузулушун көзөмөлдөгөн Human Rights Watch бейөкмөт уюмунун баалоосу боюнча Сириядагы "Ислам мамлекети" талкалангандан кийин Ирактын түрмөлөрүнө балалуу 1,4 миң аял түшкөн. Алардын ичинде түрдүү улуттагы согушкерлердин аялдары менен жесирлери да бар.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча камакка алынган жана соттолгон аялдардын ичинде жихаддын жактоочулары эле эмес, андан жабыркагандар да бар. Көпчүлүк аялдар аларга чыккан өкүмдү жеңилдетүүнү суранып, аларды күйөөлөрү зордоп эле алып келгенин айтышкан. Айрым аймактарда эркектер аялдарын чындап эле күч менен алып келиши мүмкүн экени белгиленди, анткени аялдар жихадды ишке ашырууда согушкерлерге медициналык жана башка жардамдарды бериши керек.

Басылманын белгилешинче, "Ислам мамлекети" террордук тобунда "жихад ан-никах" деген түшүнүк бар, башкача айтканда аялдарды сексуалдык муктаждык үчүн пайдаланышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0