Италияда мураскер 3 млрд. лирасын еврого алмаштыра албай убара тартууда

© AFP / OZAN KOSEОбмен турецкой лиры
Обмен турецкой лиры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
89 жашында каза болгон ишкердин мураскери чоң атасына таандык банктагы ячейкасынан 2 миллиард 950 миллион Италия лирасын таап алган. Азыркы акчага алмаштырса 1,5 миллион евро болмок.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Италиялык 48 жаштагы Луиджи чоң атасынан калган 3 миллиард лирансын еврого алмаштыра албай убара тартууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматта айтылгандай, небересине мурас калтырган бизнесмен өмүр бою курулуш бизнеси менен алектенип, былтыр жайында 89 жашында Швейцарияда каза болгон.

"Менин чоң атам колунда бар киши болчу, өмүр бою бизнес менен алектенип жүрүп байлык топтогон. Каза болгондон кийин мага эки үй, акча, акциялардан тышкары банк ячейкасында накталай 2 миллиард 950 миллион Италия лирасы калган", — деди мураскер.

Предприниматель Джамиля Турдакунова - Sputnik Кыргызстан
Акчам бир батирге араң баткан. Бишкектик ишкер айымдын кинодогудай баяны
Италиянын борбордук банкы мураска калган лир акчаларын еврого алмаштыруудан баш тарткан. Себеби 2002-жылы жаңы акча киргизилгенде Италия өкмөтү атуулдарга акча алмаштырууга 10 жыл мөөнөт берген. Ошол маалда бир евро 1936 лирага тете болчу.

Чоң суммадагы эски акчага ээ болуп, аны колдоно албай жүргөн Луиджи азыркы тапта адвокаттары менен биргеликте бул абалдан чыгуунун амалын издеп жүрөт.

"Бул сумманын 70 пайызын еврого которууга юридикалык жол табарыма ишенем. Кары кишинин унутчаактыгынан мынча акчанын "күйүп" кеткени туура болбойт", — деди Луиджи.

Мураскер иши оңунан чыгып калса, акчанын бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшайм деген тилеги бар.

Айтмакчы, убагында Сеул шаарында сейилдеп жүргөн кыргыз кызы Samsung компаниясынын топ-менеджеринин капчыгын чоң суммадагы акчасы менен кошо таап алган. Бул кызыктуу окуяны толук 30 жаштагы Фатима Жумабаева менен болгон маектен окусаңыздар болот

Жаңылыктар түрмөгү
0