Google менен Amazon Россиядагы ишин токтотушу мүмкүн

© REUTERS / Dado Ruvic / IllustrationGoogle компаниясынын логотиби. Архивдик сүрөт
Google компаниясынын логотиби. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-апрелде Telegram тиркемеси бүткүл Россия боюнча өчүрүлө баштаган

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Telegram тиркемесине Россияда чектөө киргизилгенден кийин Google менен Amazon компаниялары аталган өлкөдө ишмердүүлүгүн улантар-улантпасын ойлонуп жатканын "Известия" басылмасы Роскомнадзордун башчысы Александр Жаровго шилтеме берип жазып чыкты. 

Анын айтымына караганда, Amazon менен Google үчүн популярдуу тиркеменинин иштебей калышы олуттуу чакырык болуп эсептелет.

"Эки компания Россиянын аймагында ишин улантар-улантпасын талкуулап жатышы мүмкүн", — деди Жаров.

Ал ошол эле учурда аталган компаниялар Россиядан чыгып кетишине да бир аз күмөнү бар экенин кошумчалады.

Telegram мессенджери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия соту өлкөдө Telegram мессенджерине тыюу салды
13-апрелде Россиянын Таган райондук соту Роскомнадзордун Россияда Telegram мессенджерин чектөө боюнча арызын канааттандырган болчу. Буга Telegram тиркемесинин жетекчилиги Федералдык коопсуздук кызматына шифрлөөнүн ачкычын бербей койгону себеп болгон.

Роскомнадзордун билдиришинче, мессенджердин жетекчилигинин аракеттери Россиянын кызыкчылыгына туура келбейт. Анткени Telegram аркылуу террордук уюмдар маалымат таратып жатканы айтылат.

Буга чейин Павел Дуров Telegram Роскомнадзордун шарттарын аткарбай турганын белгилеп, компания сөз эркиндиги жана жеке жашоого кол тийбестикти колдой турганын жар салган.

Ал эми 16-апрелден тарта Россия боюнча тиркемеге чектөө киргизүү иштери башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0