Австралияда адамдын денесин "жеп" салчу жара эпидемияга айланды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүОтработка действий на случай поступления больных, инфицированных Эболой
Отработка действий на случай поступления больных, инфицированных Эболой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарадан кутулуу үчүн бир нече ай бою күчтүү антибиотиктерди ичүүгө туура келет

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Австралияда эпидемияга айланган белгисиз жара адамдардын денесин "жеп" салып жаткандыгын CNN жазып чыкты.

Азырынча окумуштуулар бул илдет кайдан келип, кандайча тарап жатканын так айта албай келишет.

​"Териде алгач чиркей чагып алган сыяктуу бүдүр пайда болот. Эгер аны дарылабай койсо, эки жуманын ичинде терини жабыркатып, ириңдей баштайт", — деп айтылат макалада.

Австралиянын Виктория штатында бул оору менен жабыркагандардын саны кескин өсүп, эпидемияга айланды. Аны дарылоого дарыгерлер көп убара тартып, узак убакыт коротуп жатышат. Мисалы, бир адам жарадан кутулуу үчүн бир нече ай бою күчтүү антибиотиктерди ичүүгө аргасыз болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0