Лавров: Россияга каршы санкциялардын кесепети баарына тиет

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр өз сөзүндө европа мамлекеттери 2014-жылы Украинанын легитимдүү президенти менен оппозициянын ортосундагы макулдашууга болгон кепилдигин коргой албаганын белгиледи.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Россияга каршы санкциялар баарына зыян тийгизет, бирок аларды РФ кабыл алган эмес, демек актоого эч кандай негиз жок. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

"Россияга каршы мыйзамсыз, бир тараптуу жарыяланган санкциянын кесепетин баары тартат", — деди Лавров Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайсль менен жолугушуунун жыйынтыгында.

Доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиялык ишкерлер бир күндө 15 миллиард доллардан ашык акчадан кол жууду
Министрдин айтымында, "келгиле, тигил же бул кадамды жасайлы. Бул Евробиримдикке силерге карата жарыяланган санкцияларды жумшартууга өбөлгө болот" деп көп кайрылуу түшөт.

"Бул санкцияларды биз киргизген эмеспиз, демек, аларды актоого да башыбызды оорутпайбыз. Анткени санкциялардын негизги бөлүгү европалык өнөктөштөрдүн убадага турбай койгонунан кийин киргизилген", — деди Лавров.

Министр өз сөзүндө европа мамлекеттери 2014-жылы Украинанын легитимдүү президенти менен оппозициянын ортосундагы макулдашууга болгон кепилдигин коргой албаганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0