Африкадагы өлкө атын Швейцария менен үндөштүгү үчүн өзгөрттү

© AFP / GULSHAN KHAN Исватини падышачылыгынын башчысы Мсвати III. Архив
Исватини падышачылыгынын башчысы Мсвати III. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттин жаңы аты жергиликтүү тилде "свази элинин жери" дегенди түшүндүрөт

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Африка континентинде жайгашкан мамлекеттин аты жаңыланды. Исватини падышачылыгынын башчысы Мсвати III Свазиленд өлкөсүнүн атын өзгөрткөнүн Reuters агенттиги жазды.

Кургап калган жер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: Африка континенти экиге бөлүнүп калышы ыктымал
Мамлекеттин аты алмашканын падыша өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 50 жылдыгын майрамдоо учурунда жарыялаган. Ал Африканын көп өлкөлөрү колониялдаштырылганга чейинки аттарына кайтып келип жатканын айтты. Падыша мындан ары анын мамлекти Исватини падышачылыгы деп аталарын жар салды. Мамлекеттин жаңы аты жергиликтүү тилде "свази элинин жери" дегенди түшүндүрөт.

Айрымдар Свазиленд (Swaziland) менен Швейцария (Switzerland) англисче жазылуусу жана айтылышы бир аз окшош болгондуктан алмаштырып келишкен.

Свазиленд Африка континентинде Түштүк Африка Республикасы менен Мозамбиктин ортосунда жайгашкан чакан мамлекет. Падышачылык Улуу Британиядан эгемендүүлүгүн 1968-жылы алган. Учурда өлкөдө болжол менен 1,4 миллион калк жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0