Индияда 12 жашка чейинки кыздарды зордуктагандар өлүм жазасына тартылмай болду

© AFP / SAJJAD HUSSAINСлучаи педофилии в индийском городе Нью-Дели
Случаи педофилии в индийском городе Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы мыйзамга ылайык, өспүрүм кыздарды зордуктагандар эми эң аз дегенде 20 жылга кесилет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Индиянын өкмөтү 12 жашка чейинки кыздарды топтошуп зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу боюнча буйрукка чыгарганын Economic Times басылмасы жазды.

Молоток судьи. - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда беш жашар кызды кордогон киши 20 жылга кесилди
Бул буйрук балдарды сексуалдык зордук-зомбулуктан коргоо боюнча мыйзамга толуктоо болуп эсептелет. Эми 12 жашка чейинки секелек кыздарды зордуктагандар эң аз дегенде 20 жылга абакка кесилет. Ал эми 12 жашка чейинки кызды тобу менен зордуктагандар өмүр бою эркинен ажыратылып же өлүм жазасына тартылат.

Басылманын жазышынча бул буйрук быйыл январда 8 жаштагы өспүрүм кыздын уурдалып, зордукталышынан кийин кабыл алынган. Ал иш боюнча сегиз киши айыпталууда, арасында эки полиция кызматкери да бар.

Ал эми АКШда кыздарды зордуктоодон коргой турчу "акылдуу" билерик жасалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0