Россияда ракты дарылоонун жаңы жолун өздөштүрүп жатышат

© AFP / FRANK PERRYИспользование роботов в медицине
Использование роботов в медицине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы ыкма менен простата безинин, ашказандын жана боордун рагын дарылоого болот.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Россияда простата безиндеги ракты жаңыча дарылай турган ыкманы сындан өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Сеченов атындагы медициналык окуу жайдын адистерине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, жаңы ыкмада атайын жаңы технология менен жасалган бычак колдонулат.

"Алгач дарыгерлер оорулууну УЗИге түшүрүп, тиешелүү анализдерди алат дагы, шишик дал кайсы жерде турганын аныкташат. Кийин ошол бөлүккө ичкелиги ийнедей болгон бычакты сойлотот дагы ал аркылуу ток жиберишет. Жыйынтыгында рак клеткалары жабыркайт дагы өзүн-өзү жок кыла баштайт", — деп айтылат макалада.

Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Калдуу адамдар тери рагына көп чалдыгабы? Онкодермотолог оору тууралуу
Бирок бул ыкма ракты дарылоо жолдорунун расмий тизмесине киргизиле элек. Аны сыноо максатында Россиядан тышкары Лондондун университеттик колледжинде, Амстердам (Нидерланддар) жана Дьюк (АКШ) университеттеринде колдонуп келишет.

Адистердин айтымында, мындай операциядан кийин оорулуу бир күндө эле бутуна туруп, бара-бара жыныстык жашоосу калыбына келет.

"Россияда мындай дарылоонун жыйынтыгы жарым жылдан кийин билине баштайт. Анткени учурда операция жасаткан кишилерден кайрадан анализ алуу үчүн бери дегенде 5-6 ай убакыт өтүшү керек. Бирок биз бул ыкма медицинада чыныгы бурулуш жасайт деп ишенип жатабыз", — деди дарыгерлердин бири Еникеев.

Белгилей кетсек, бул ыкма жакынкы беш жылда расмий тизмеге кирип, ашказан жана боор рагын дарылоого дагы пайдасы тиери айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0