Индияда дарыгер башынан жаракат алган бейтаптын бутуна операция жасап салды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүХирург операция алдында. Архив
Хирург операция алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ката кетирген хирургга тажрыйбалуу кесиптештеринин көзөмөлүндө гана операция жасоого уруксат берилген

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Делидеги мамлекеттик оорукананын улук дарыгери башынан жаракат алган бейтаптын бутуна кокусунан операция жасап алганын Indian Express басылмасы жазды.

Борбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүз жашка чыкты! Туңгуч аял хирург Какиш Рыскулова тууралуу 8 факты
Хирург бейтаптарды алмаштырып алып, буту соо кишинин сөөгүн тешип штифт коюп салган. Наркоздо жаткан адам каршылык көрсөтө алган эмес.

Катачылык кеткени билингенден кийин бейтаптын бутундагы штифт алынып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ката кетирген хирургга тажрыйбалуу кесиптештеринин көзөмөлүндө гана операция жасоого уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0