Илимпоздор шоколаддын кайсы түрү мээге пайдалуу экенин иликтеп чыгышты

© AFP / DAVID GANNOМагазин Ritter Sport в Берлине
Магазин Ritter Sport в Берлине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курамындагы какао 70 пайыздан кем болбогон шоколадды күнүгө жеп туруу кишинин иммунитетине оң таасир этери белгилүү болду.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Какаосу көп нак шоколад мээнин иштешин активдештирип, иммунитетти жогорулатат. Бул тууралуу АКШдагы Лома-Линда университетинин медиктеринин иликтөөсү жарыяланган EurekAlert басылмасына таянып РИА Новости жазып чыкты.

Окумуштуулар буга чейин изилдөө иштеринде канттын таасирин иликтешсе, бу жолкусунда какаонун адам организмине пайда-зыянын аныкташкан.

Натыйжада медиктер курамындагы какао 70 пайыздан кем болбогон шоколадды күнүгө жеп туруу кишинин иммунитетине оң таасир эте турганын далилдешти.

"Эксперименттер шоколад иммундук системага жоопкер болгон Т-клеткаларды активдештирүүчү клеткалардын ортосундагы сигналдык жолдорду жакшырта турганын аныктады. Мындан тышкары, 48 грамм шоколад жеп туруу эс-тутумду жөнгө салып турары белгилүү болду", — деп жазылат макалада.

Буга чейин америкалык окумуштуулар жүзүм менен какаонун курамындагы ресвератрол антивирустук касиети бар экенин айтып чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0