Соцтармак колдонуучуларын терактыга караганда суук аба ырайы көп ойго салат

© AFP / ED JONESПользователь ПК за работой
Пользователь ПК за работой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар Facebook жана Twitter социалдык тармактарындагы билдирүүлөрдү анализдеп чыккан.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучуларын суук аба ырайы терактыларга караганда көбүрөөк кайгыга салары аныкталды. Мындай жыйынтыкка окумуштуулар жарандардын социалдык тармакка жазган билдирүүлөрүн анализдегенден кийин келишкен. Изилдөөнүн жыйынтыгы PLOS one журналына жарыяланды.

Токойдогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Конспирологдор акыр заман качан болорун боолголошту
Канада менен Америкалык эки окумуштуу 2009-жылдан 2016-жылга чейинки Facebook тармагындагы 2,4 миллиард жана Twitter баракчасындагы 1,1 миллиард билдирүүнү анализдеп чыгышкан.

Аба ырайынан тышкары соцтармактын колдонуучуларын Калифорния штатында 2014-жылы болгон жер титирөө жана Түштүк Каролинада 2015-жылы болгон суу ташкыны катуу капа кылып, ойго салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0