Кытайдагы окуучуларга кол салуу: курмандыктардын саны өстү

Жазылуу
Балдарга ушул мектепти бүтүп кеткен 28 жаштагы Чжао кол салган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кытайдын Мичжи уездинде мектеп окуучуларына кол салуу болуп, бычак жеп каза тапкандардын саны 9га жетти. Бул туурасында РИА Новости Weibo. социалдык тармагына шилтеме кылып кабарлады.

Буга чейин жетөө көз жуумп, 12 бала жарадар болгону кабарланган. Эки окуучу жараатынан улам ооруканада жан берди.

​Кечээ, 28-апрелде, жергиликтүү убакыт менен алганда 18.10дө балдар сабактан үйүнө кайтып бара жаткан учурда кол салуу болгон. Ушул мектепти бүтүп кеткен 28 жаштагы Чжао жолунан чыккан балдарга канжар ала чуркап, бир тобун оор жарадар кылган. Полиция кызматкерлери аны ошол замат кармаган. Суракта Чжао бул кадамы менен мектепте, окуучу кезинде аны шылдыңдап келген классташтарынан өч алганын айткан.

​Тартип сакчылар иликтөөнү улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0