Каалаган түшүңдү көрүп жата бер! Окумуштуулар атайын жабдуу ойлоп табышты

Жазылуу
Экспериментке катышкандардын басымдуу бөлүгү түшүн эстеп калганын айтышкан.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Окумуштуулар каалаган түштү көрүү мүмкүнчүлүк берген жабдуу ойлоп табышты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Открытие шампанерии Золотая Балка в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар спирт ичимдиктеринин жаңы коркунучун табышты
MIT Media Lab лабораториясы атайын үн чыгарып, датчик коюлган кол кап жасаган. Аны уктаар алдында колго кийип, анча чоң эмес жабдыкка туташтыруу керек. Кол каптагы датчиктер кишинин жаңы уйкуга кеткенин, көшүлүп уктап жатканын жана ойгоноорго аз калган маалды аныктап, атайын жабдууга сигнал бергенде андан түрдүү үндөр чыгат. Бул өз кезегинде адамдын түркүн-түстүү түш көрүүсүн шарттайт.

Экспериментке катышкандардын көбү уйкусу канып, өзү каалагандай түш көрүп, аны эстеп калганын айтышкан.

Окумуштуулар ошондой эле түш адамдагы катылып жаткан чыгармачылыкты өркүндөтүүгө да жардам берерин айтышат. Окумуштуулар көптөгөн илимпоздор менен музыканттар ойлоп табууларын жана чыгармаларын түшүндө көрүп, анан иш жүзүнө ашырганын белгилешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0