Жылкы адамдын кыял-мүнөзүн эстеп калуу жөндөмүнө ээ экени айтылды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЖылкылар. Архив
Жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аттан сырткары ит, шимпанзе, карга жана панданын чоңу сүрөттөн көрүп туруп эле адамдын маанайын билип коеру белгилүү болду

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Британиялык психологдор жылкы адамдын кыял-жоругун, мүнөзүн туюп-билүү менен чектелбестен, аны эстеп каларын да аныктап чыкты. Бул туурасында Current Biolgy сайтына окумуштуулар жазганын nplus1.ru кабарлады.

Ат кишини экинчи ирет көрсө, мурдагы жолуккан учурдагы маанайын эстеп калат да, ошого жараша мамиле кылары айтылган.

Кээ бир жаныбарлар, маселен, ит, шимпанзе, карга жана панданын чоңу сүрөттөн көрүп туруп эле адамдын маанайын билип кое алат экен. Каргалар кооптуу деген кишини эстеп каларын окумуштуулар изилдеп чыккан. Бирок ушу күнгө чейин жаныбарлардын кишинин болор-болбос эмоциясын сезип жана аларды эстеп калары белгисиз болуп келген.

Лучший иноходец — Ганк. Сейчас в Кыргызстане нет ему равных - Sputnik Кыргызстан
12 машина уткан "Вулкан", 40 миң доллар тапкан "Карат". Эң мыкты буудандар кимдики?
Сассекск университетинин психологдору Карен Маккомбдун жетекчилиги менен 48 атка тажрыйба жасап көргөн. Жаныбарларды экиге бөлүп, аларга ачууланган жана күлүп турган эки кыздын биринин сүрөтүн көрсөткөн. 3-6 сааттан кийин ошол эле кыз кайра кирип, эмоциясы жок турган. Кыздын эки сүрөттүн кайсынысын жылкыларга көрсөткөнүнөн кабары болгон эмес. Тажрыйбага алынган көзөмөл тобундагы атка адегенде күлүп же ачууланган сүрөттү көрсөтүшкөн, ал эми бир аздан соң короого башка кыз кирген. Тест учурунда жылкылардын жүрөгүнүн кагышын тыңшап жана өздөрүн кандай алып жүрөрүнө көз салышкан.

Эксперименттеги жылкылар кызды биринчи ирет көргөндөгү ачууланып турган учурун эстеп калган жана экинчи көргөндө чунаңдап, бышкырып, стресс болгонун көрсөткөн. Ал эми көзөмөл тобундагы аттар кызды көргөндө эч нерсе болгон эмес.

Буга чейин окумуштуулар эгерде жаныбарлар адамдын жүзүн жаман маанай менен эстеп калса, алардын мээсинин оң жарым шары активдешип, адамды сол көзү менен карай турганын айтышкан. Макаланын авторлору ат кызды жаман маанай менен эстеп калып, сол көзү менен улам-улам карап же тескерисинче болгонун жазган.

"Мындан улам жылкы баласы адамдын жүзүнөн анын маанайын эле сезбестен, ошол тейде да эстеп каларын, кийин көргөндө да ошондой кабыл аларын аныктадык. Кызыгы, буга жараша аттардын да кыял-жоругу өзгөрөт", — деп айтып берген Карен Маккомб.

Окумуштуулар мурдараак аттар белгилер менен сүйлөшөрүн да жазышкан.

Буга чейин Кытайда кожоюндун унаасын "айдай качкан" ит дүкөндү талкалаган видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0