Филиппиндин президенти Родриго Дутертенин архивдик сүрөтү

Президент Родриго Дутерте: Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менин кумирим

230
(жаңыланган 19:55 01.05.2018)
Филиппиндин башчысы Ким Чен Ын менен өзү да жолуга тургандыгына үмүт артаарын билдирген.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Филиппиндин президенти Родриго Дутерте Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды кумир тутаарын айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жергиликтүү Rappler маалыматык порталына шилтеме кылып жазып чыкты.

Мындай билдирүүнү ал Ким Чен Ындын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жолуккандан кийин айткан.

"Сиздер билесиздерби, ал инсан менин кумирим болуп калды. Ал күндүн башкы каарманы", — деген Дутерте.

Филиппиндин башчысы Корея жарым аралындагы эки өлкөнүн алакасынын жакшырып жатканын колдоп, Ким Чен Ын менен өзү  да жолуга тургандыгына үмүт артаарын билдирген.

Эске сала кетсек, Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын башчылары 27-апрелде демаркациялык сызыктан жолугуп, эки мамлекеттин алкасына жартууга багытталган декларацияга кол койгон.

230
Белгилер:
Корея, Ким Чен Ын, Мун Чжэ Ин, Родриго Дутерте, саясат
Тема боюнча
Түндүк жана Түштүк Корея президенттери чек ара сызыгынан жолукту
Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе 24 жылга соттолду

Алматыдагы каргашадан кийин Токаев мыйзамдарды түзөтүүнү тапшырды. Видео

10
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматыдагы ок атуудан каза болгон беш адамдын окуясы тууралуу комментарий берди.

Анын билдирүүсү мамлекет башчынын маалымат кызматынын YouTube каналына жүктөлдү.

"Адамдардын өлтүрүлүшүн актоого болбойт. Цивилизациялуу коомдо бардык талаш, көйгөйлөр укуктук талаада гана чечилиши керек. Аны менен катар эмнеге мындай окуя болуп кеткенин тыкыр текшерүү шарт. Бул — трагедия", — деди мамлекет башчысы.

Президент кредит берүүчүлөр менен көйгөй жараткан карыздар адамдардын мамилеси, өзгөчө турак жай өтө талуу маселе экенин, муну юридикалык жактан жакшыртуу талап кылынарын белгилеген.

Мындан улам президент өкмөткө, Улуттук банкка, Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу агенттигине, финансылык уюмдарга бир айдын ичинде мыйзамдык, ченемдик өзгөртүүлөрдүн пакетин даярдоо тапшырмасын берди.

"Мындан тышкары, өкмөт менен Алматынын акимчилигине бул трагедиядан жабыркагандарга бүт жагынан колдоо көрсөтүүнү тапшырды. Биринчи кезекте балдарга жардам берүү шарт. Балдардын күнөөсү жок, алар жалпы кайдыгерликтин жана укуктук калпыстыктын курмандыгы болду. Биздин коомдо балдар адилеттүүлүккө ишенүү менен чоңоюшу маанилүү", — деди Токаев.

Каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургунду соттун чечимин аткаруу үчүн үйүнөн чыгарганы келген сот аткаруучуларды үй ээси атып салган. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран каза болгон.

10
Белгилер:
Казакстан, Касым-Жомарт Токаев, трагедия, Алматы, атышуу
Тема боюнча
5 киши өлдү. Алматыда бүлөнү үйүнөн чыгарууга келген сот аткаруучуларга ок атылды
Алматыда үй ээси атып салган 5 киши: өлгөндөрдүн бири жаңы кожоюн болгон

Белгилүү боксчу көз караштар таймашында атаандашынын бетин тытып алды. Видео

105
(жаңыланган 12:31 23.09.2021)
Бул 6-ноябрь күнү Лас-Вегаста (АКШ) өтө турган беттешке карата уюштурулган биринчи маалымат жыйын болгон.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Мексикалык боксчу, WBA, WBC жана WBO чемпиону Сауль (Канело) Альварес америкалык IBF титулунун ээси, супер орточо салмактагы Калеб Планттин бетин тытып алды. Бул туурасында ESPN телеканалы жазды.

Белгилүү мушкерлердин жаңжалы көз караштар таймашы учурунда чыккан. Алгач алар айтыша кетип, андан соң мексикалык боксчу америкалык атаандашын түртүп жиберген. Ага жооп катары кайтып келип алаканы менен чапкан. Аларды күзөтчүлөр арачалап, токтотуп калган. Натыйжада Альварестин бетинин оң тарабы тытылып кеткен.

"Сен мен тууралуу оозуңа келгендин баарын айтсаң да, апама тийишпе. Мен апам тууралуу жаман нерсе айткан кишинин ар бири менен мушташам", — деп айткан Альварес жаңжалдан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Бул 6-ноябрда Лас-Вегаста (АКШ) өтө турган беттешке карата уюштурулган биринчи маалымат жыйын болгон. Ал күнү супер орточо салмак категориясындагы абсолюттук чемпион аныкталат.

105
Белгилер:
бокс, көз караштар таймашы, атаандаштык, мушташ
Тема боюнча
"Нокауттардын ханышасы". Шевченко UFC уюмун кантип багындырган. Видео
Жаракат алгандары бар... Казакстанда спортчулар чабыша кеткен видео
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив

30-сентябрда Бишкектин чок ортосунда бир күн бою суу токтотулат. Карта

0
Бир аптадан кийин суу тосмону оңдоо пландалууда. Бишкек шаарынын бийлиги бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда 30-сентябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 21:00гө чейин таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Суу "Тоголок Молдо" тосмосунда жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Ошондой эле Панфилов, Фрунзе, Манас проспекти жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда дагы болбойт.

Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган аймакта жашаган тургундарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

0
Белгилер:
Бишкек, таза суу, өчүрүү, оңдоо, карта
Тема боюнча
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата аба ырайы