Түркиянын канайымы Мирзиёевдин жубайынын ачык-айрымдыгына ыраазы болду

© Фото / официальный сайт правительства ТурцииТрехдневный госвизит президента Турции Тайипа Эрдогана в Узбекистан
Трехдневный госвизит президента Турции Тайипа Эрдогана в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канайымдар Өзбекстандын борбору Ташкенте жолугушкан.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган өзүнүн Twitter баракчасына Өзбекстандын канайымы Зироатхон Мирзиёева менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Анда Түркиянын биринчи айымы Шавкат Мирзиёевдин жубайына эки тараптуу жолугушуу жана ачык-айрым өткөн маектешүү үчүн ыраазычылыгын билдирген.

“Өзбекстандын борбору Ташкентте Зироат Мирзиёева менен жолугушуу болду. Меймандостугуңуз үчүн чоң рахмат!” — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Эрдоган 30-апрель күнү мамлекеттик сапары Ташкентке барган. Куксарай резиденциясында эки тараптуу жолугушуу өтүп, эки президент соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, инвестиция жана маданий-гуманитардык байланышты жөнгө салуу тууралуу сүйлөшүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0