Сан-Паулудагы 26 кабат үйдөн чыккан өрттөн 45 адам дайынсыз болууда

© REUTERS / Leonardo BenassattoКрупный пожар в высотном здании в Сан-Паулу
Крупный пожар в высотном здании в Сан-Паулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт чыккандан эки саат өткөндөн кийин көк тиреген үй урап түшкөн.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы 26 кабат үйдөн чыккан өрткө 5-кабатта жашаган жубайлардын чыры себеп болгону болжолдонууда. Бул тууралуу Globo гезити окуянын күбөсүнө таянуу менен жазып чыкты.

21 жаштагы Габриэл Арканжелу уруша кеткен жубайлардын коңшусу болгон. Анын айтымында, эрди-катын курамында спирти бар суюктук менен от жагып, ага тамак жасап жатканда уруша кеткен. Аялы отко спирт тамчылатып жаткан күйөөсүн түртүп жебирип, жалын экөөнүн кийимине жабышкан. Үстүндөгү кийимин чечкен жубайлар эч кимге эч нерсе айтпай үйдөн чыгып кетишкен. Өрт чыкканы тууралуу маалыматты Арканжелу тараткан.

​Көк тиреген үй 1-май түнү өрттөнгөн. Эки сааттан кийин 26 кабат үйдүн конструкциясы урап түшкөн. Кулап жаткан маалда имараттын ичинде адамдардын бар экени айтылды. Акыркы маалыматтар боюнча дайынсыз болуп жаткандардын саны 45 кишиге чамалады. Полиция уранды алдында сөөктөр болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0