Кытайда күйдүргү дарты катталып, бир адам каза болду

© AFP / STRАнтитеррористические учения на почтовом отделении в Фучжоу
Антитеррористические учения на почтовом отделении в Фучжоу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймакта карантин жарыяланып, мал базарлар жабылды.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кытайда күйдүргү дарты катталгандыгы тууралуу маалымат Россиянын колдонуучулар жана адамдын жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Кытайдын борбордук аймагында орун алган Нинся округунда күйдүргүнү уй жана койдон жуктуруп алган үч адам каттоого алынды.

"Бир адам өлүп, экөө ооруканага жатканы айтылды. Алар менен чогуу жүргөн 25 адам дагы ооруга чалдыкканы белгилүү болду. Аталган аймакта карантин жарыяланып, мал базарлар жабылды", — деп жазалыт макалада.

Күйдүргүнү адам оорулуу малды багып, этин пайдаланып же өлүп калган учурда көөмп жатканда жуктурары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0