Окумуштуулар I топтогу кан эмнеси менен кооптуу экенин айтышты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЦентр переливания крови ФМБА России
Центр переливания крови ФМБА России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каны ушул топко кирген адамдар оор жаракат алса кансырап өлүп калуу коркунучуна үч эсе көбүрөөк кептелет экен.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Биринчи топтогу кан адам үчүн кооптуу экенин Токионун Медицина жана стоматология университетинин окумуштууларына шилтеме берип Sputnik Молдова агенттиги жазды.

Магазин Ritter Sport в Берлине - Sputnik Кыргызстан
Илимпоздор шоколаддын кайсы түрү мээге пайдалуу экенин иликтеп чыгышты
Маалыматка караганда, Каны ушул топко кирген адамдар оор жаракат алса кансырап өлүп калуу коркунучуна үч эсе көбүрөөк кептелет экен.

Изилдөөнүн алкагында дарыгерлер кан жоготуудан улам тез жардамга муктаж болгон 901 адамды текшерип көрүшкөн. Жыйынтыгында каза болгондордун арасында каны башка топтогулар 11 пайызга араң жетсе, биринчи топтогулар 28 пайыз болуп кеткен.

"Биринчи топко кирген кандын курамында анын тез уюшун шарттаган гликопротеин заты аз болгондуктан, кан адамдан көп кетип калышы мүмкүн. Ошонун айынан оорулуу өлүп калат. Биздин дагы бир максат — шашылыш түрдө кайрадан кан куюу анын тез уюшуна жардам берер-бербесин аныктоо", — деп айтты окумуштуулардын бири Ватару Такаяма.

Дарыгер эми оор жаракат алгандардын дарыланусу узакка созулбашы үчүн кандай ыкмалар керек экенин изилдөөгө алганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0