АКШда инкассатордон чачылып кеткен акча таламайга түштү. Видео

© REUTERS / Jose Luis Gonzalez / IllustrationАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан жолго 600 миң доллар чачылган.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Американын Индианаполис (Индиана штаты) шаарында жүрүп бараткан инкассатор машинасынын арткы эшиги ачылып кетип, мүшөктөгөн акча жолго чачылды.

Штаттын полициясынын тараткан билдирүүсүнө ылайык, окуя Brinks компаниясына таандык автоунаа I-70 магистралында баратканда болуп, жолго дээрлик 600 миң доллар түшүп калган.

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Кореяда аэропортту тазалап жүргөн адам алтын куймаларын таап алды
Чачылган акча таламайга түшүп, трассада башаламандык жаралган. Айдоочулар автоунаасынан түшө калып, жолдогу акчаны чогултуу үчүн чуркашкан. Айрым колдонуучулар окуяны видеого тартып, социалдык тармактарга чыгарган.

Инкассатордун айдоочусу ага башка айдоочулар белги берип, кол булгалаганда гана токтогон.

Окуя болгон жерге келген полиция чөнтөктөрүн акчага толтуруп алгандарды кармап, акчаны кайтарган. Бирок полиция келгенге чейин акчаны чогултуп кеткендер дагы болгон. Полиция андай жарандарды акчаны кайтарып берүүгө чакырды, эгер кайра бербесе акча уурдалды деп эсептелет.

Ушундай эле окуя Россиянын Якутия аймагында болгон. Анда учуп бараткан учактан алтын куймалары түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0