Канадада кичинекей енот аба каттамын үзгүлтүккө учуратты

© AFP / SVEN HOPPE / DPAЗоопарктагы енот. Архив
Зоопарктагы енот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жандыкты аэропорттун кызматкерлери бир нече сааттан кийин тирүү алып чыккан.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Канадада енот жүргүнчү ташыган учактын ичине кирип кетип, аба каттамын үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги СВС телеканалына шилтеме кылып жазып чыкты.

Окуя Саскатун шаарындагы аэропортто болгон. Air Canada авиакомпаниясынын билдирүүсүнө ылайык, кичинекей жаныбар кондиционердин түтүгүнө кирип кеткен. Учакты иштеткен маалда ал желдетүүчү системанын ичине түшүп калган.

Жүргүнчүлөрдүн биринин айтымында, учактагыларга башында бардыгы кызык болду.

"Жандыкты алып чыгуунун биринчи сааты көпчүлүк үчүн кызыктуу окуя болду. Анткени мындай учурду эч ким көрө элек экен. Бирок үч саатка созулуп кеткендиги кийин нааразы боло баштагашты",—деп билдирген  жүргүнчү.

Аба майдандын кызматкерлери тиешелүү жабдууларды чечип, бир нече сааттан кийин тирүү чыгарылган енот, качып кетип кутулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0