Израиль япон премьерин мазактаган десерт менен тосуп алды

© REUTERS / Abir SultanВизит премьер-министра Израиля Биньямина Нетаньяху в Токио
Визит премьер-министра Израиля Биньямина Нетаньяху в Токио - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар ЖМКлар ашпозчу мындай кылыгы менен бүтүндөй япон элин шылдыңга алганын жазып чыгышты.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жеке ашпозчусу Сегева Моше Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэге даярдаган десерти үчүн коомчулуктун каарына калды. Бул тууралуу РИА Новости Jerusalrm Post басылмасына шилтеме берип жазды.

Моше столдун үстүнө темирден жасалган бут кийимге шоколад салып келген. Япония менен Израилдин дипломаттары ашпозчунун мындай кылыгына таңыркап эле отуруп калышкан.

"Бул акылсыз жана адепсиз чечим болду. Япониянын маданиятында бут кийимден жаман нерсе жок. Алар үйгө гана эмес, офиске дагы бут кийимди чечип киришет. Мындайча айтканда, еврейлерге чочконун формасындагы идишке шоколад салып бергендей эле болду", — деп израилдик дипломаттардын бири билдирген.

Ал эми Япония тарап бул орунсуз тамаша болгонун айтышты.

"Бир дагы мамлекет бут кийимди тамак ичкен столдун үстүнө койбойт. Сегев аттуу ашпозчу десертти жасап жатканда эмнени ойлоду болду экен? Эгер бул тамаша болсо, күлкүбүз келген жок. Биз мазакталдык", — деп Япониянын дипломаты билдирген.

Нетаньяху менен Абэ жубайлары менен түштөнүп жаткан сүрөттү ашпозчу Моше өзүнүн Istagram баракчасына да жүктөгөн. Көпчүлүк комментарийге анын кетирген катасын белгилеп пикир жазышкан. 

Ал эми vagabondeagle басылмасы ашпозчу сүрөттү баракчасына жайгаштыруу менен бүтүндөй япон элин шылдыңдаганын жазды.

"Мазакташ үчүн атайын пландалып жасалган", — деп beenefits божомолдоодо.

Fluctuation агенттиги болсо "Ушу кантип болсун?! Албетте атайылап жасалган" деп чыкты.

Бул боюнча Израилдин премьери дагы, ашпозчусу дагы эч кандай пикир билдире элек.

Синдзо Абе Израилге 2-майда расмий сапар менен барган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0