Forbes журналы дүйнөнүн эң таасирдүү лидерин атады

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина во Вьетнам для участия в саммите АТЭС
Визит президента РФ В. Путина во Вьетнам для участия в саммите АТЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингди түзүүдө бир нече критерийлер эске алынган. Анын ичинде айланасындагы кишилерге тийгизген таасири, финансы булактары бар.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кытайдын лидери Си Цзиньпин Forbes журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн эң таасирдүү лидери деп аталды. Бул тууралуу басылманын сайтына жарыяланды.

Forbes журналынын жазышынча Кытайдын учурдагы лидеринин колунда эбегейсиз бийлик бар. Мындай күчтүү бийлик Маонун маалынан бери боло элек.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки күндө бирден! Былтыр канча миллиардер пайда болгон
Басылманын буга чейинки рейтингинде биринчи орунга чыккан Россиянын президенти Владимир Путин экинчи орунга түшүп, АКШ президенти Дональд Трамп үчүнчүнү ээледи.

Ал эми төртүнчү орунга Германиянын канцлери Ангела Меркель, бешинчиде Amazon.com Интернет-компаниясын негиздеген, дүйнөдөгү эң бай адам Жефф Безос турат. Безос ошондой эле Blue Origin аэрокосмикалык компаниясы менен Washington Post басма үйүнө ээлик кылат.

Рейтингди түзүүдө бир нече критерийлер эске алынган. Анын ичинде айланасындагы кишилерге тийгизген таасири, финансы булактары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0