Путиндин жансакчысы оолактатып койгон согуш ардагери окуянын чоо-жайын айтып берди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин и премьер-министр РФ Д. Медведев на церемонии возложения цветов к Могиле Неизвестного солдата
Президент РФ В. Путин и премьер-министр РФ Д. Медведев на церемонии возложения цветов к Могиле Неизвестного солдата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүл койгондон кийин Сыркашев башка ардагерлер менен бирге Кремлдеги кабыл алууда болгон.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Согуштун ардагери Дмитрий Сыркашев 9-май күнү РФ президенти Владимир Путиндин жанынан жан сакчылары эмнеге четке чыгарып, оолактаткандыгын айтып берди. Бул туурасында РЕН ТВге билдирди.

Марш Бессмертный полк в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков "Өлбөс полк" акциясын баштап баратат.Сүрөт
Окуя 9-майда Улуу жеңиштин 73 жылдык урматына болгон параддан кийин Владимир Путин Израиль өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жана Сербия президенти Александр Вучич менен Кызыл аянтта келе жатканда болгон. Алардын алдына туура келип калган ардагерди Путиндин жан сакчылары оолактатып койгон. Бул учурду байкап калган Россия президенти өзү басып келип, учурашып, ардагерге чогуу басып, Белгисиз Жоокердин мүрзөсүнө бирге гүл коюну сунуштаган.

​Ардагер Сыркашев телеканалга окуянын чоо-жайын айтып берген. 

"Кызыл Аянтта парад болуп жатканда Владимир Путиндин аркасында отургам. Алгач келгенде баарыбыз менен учурашып, орун алды. Ардагерлер көп элек. Андан соң трибунага чыгып, сүйлөдү. Парад бүткөндүн кийин Белгисиз Жоокердин мүрзөсүн көздөй жөнөп, мен бир аз алдыга чыгып кетиптирмин", — деп айтып берген ардагер.

Президент РФ В. Путин провел заседание Совбеза РФ - Sputnik Кыргызстан
Путин кыргызстандык ардагерлерге ыраазычылык билдирип, куттук сөзүн айтты
Гүл койгондон кийин Сыркашев башка ардагерлер менен бирге Кремлдеги кабыл алууда болгон.

Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков окуя кокустан болгонун билдирип, президент мындай көрүнүштүн мындан ары кайталанбоо зарылдыгына көңүл бурганын кошумчалады.

Кечээги окуянын каарманы генерал-майор Дмитрий Петрович Сыркашев — Кызыл Жылдыз орденинин эки жолку кавалери. Ал Батыш жана 3-Белоруссия фронтунда согушуп, Смоленскини бошотууга жана Кенигсбергди алууга катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0