Арак менен тамеки. Окумуштуулар эң кооптуу баңгизатын аныкташты

© AFP / JOE KLAMARТамеки чегип жаткан адам. Архив
Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын арак менен тамекиден 3,5-5 миллион адам өлөт.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Алкоголь менен чылым дүйнө жүзү боюнча адам өмүрүн эң көп алган баңгизат деп табылганын Addiction журналына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды. 

"Жер жүзүндөгү чоң адамдардын ар бир бешинчиси ай ичинде жок дегенде бир жолу мас болот. Ал эми ар бир жетинчи адам күнүнө чылым чегет. Бул экөө тең адамды ракка кабылтып же жаш кезде өлүп калууга шарт түзөт", — деп жазган сиднейлик (Австралия) окумуштуу Эми Пикок.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын арак менен тамекиден 3,5-5 миллион адам өлөт. Бул жол кырсыгынан же рактын айрым формаларынан каза болгон адамдардын санына барабар.

Макалада жазылдай, күнүнө каза болгон 100 миң адамдын ичинен 110у чылым чегүүдөн келип чыккан оорулардан улам көз жумат. Спирт ичимдиктеринен каза тапкандардын саны мындан үч эсе аз.

Жаңылыктар түрмөгү
0