Үн менен башкарылган гаджеттер ээсин куржалак калтырабы?

© REUTERS / Kacper Pempel / IllustrationСлучаи взлома сайтов в КР
Случаи взлома сайтов в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер үн менен башкарылган гаджеттерге ээсине билгизбей бир нече буйрук жиберишкен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Үн менен башкарылган гаджеттерди жашыруун башкарууга болоорун окумуштуулар аныктады. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Мессенджер WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
WhatsApp аркылуу тараган кара чекитти басканда телефон иштебей калууда
Учурда сатылып жаткан мындай жабдыктардын кемчилигин америкалык жана кытайлык окумуштуулар аныкташкан. Алар үн менен иштеген жабдууларга ээсине билгизбей бир нече буйрук жиберүүнүн жолун табышкан.

Эксперттердин пикиринде, эгер алдамчылар үн менен иштеген жабдууларга буйрук берүүнүн жолун табышса, үйдүн эшиктерин тоскоолдуксуз ачып, эсебиндеги акчаларды алып жана онлайн соода жүргүзө алышат.

Amazon компаниясы өзүнүн Alexa аттуу жабдуусун коргоо үчүн аракеттер көрүлгөнүн маалымдады. Ал эми Google өзүнүн Google's Assistant жардамчысына атайын функция киргизилип, белгисиз аудио буйруктарды укпай турганын айтты. Apple компаниясы болсо Siri жардамчысын чакыруу үчүн алгач iPhone же iPad жабдууларын ачуу керектигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0