БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Түндүк Корея Пхунгер аймагындагы өзөктүк полигонун бузуп баштаганын Американын 38North сайты спутниктен тартылган сүрөттөргө таянуу менен билдирди.
Recent commercial satellite imagery has provided definitive evidence that the #DPRK has begun dismantling the Punggye-ri Nuclear Test Sitehttps://t.co/ILVR1hpmlw
— 38 North (@38NorthNK) 14 мая 2018 г.
Порталдын маалыматы боюнча полигондун иштешин камсыздап турган бир нече курулуштар бузулду. Андан сырткары, вагон үчүн курулган рельстер жана бир нече чиркегичтер алынган.
Ал эми буйрук берүүчү негизги имарат менен административдик колдоо көрсөтө турчу экинчи имаратка тийишкен эмес.
Буга чейин Түндүк Кореянын борбордук телеграф агенттиги Эмгекчилердин партиясынын жыйынында Пхунгер аймагындагы өзөктүк полигонду 23-25-майда жабуу чечимин кабыл алганын маалымдаган. План боюнча полигон толугу менен бузулуп, ага чектеш салынган башка имараттар дагы түрттүрүлөт. Полигонду жабуу салтанатына Түштүк Кореянын, Кытайдын, АКШнын, Улуу Британиянын жана Россиянын журналисттери катышуусу ыктымал.