Радар. Архивдик сүрөт

Бельгия: саатына 650 чакырым жүргөн айдоочуну айыпка жыкмай болушкан

152
(жаңыланган 17:17 16.05.2018)
Полиция техникалык мүчүлүштүк кетип калганына карабай айып пул жазган.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Көп өлкөлөрдө полиция кызматкерлеринин авторадарлары жолдогу ылдамдыкты таңгалгандай кылып көрсөткөн учурлары арбын. Дал ушундай окуя жакында эле Бельгияда болгон. Бул туурасында rg.ru басылмасы жазды.

Жергиликтүү тургунга автоунаасын саатына 696 чакырым жүргөндүгү үчүн айып пул кагазы келген. Ошол эле кагазда прибордун кемчилик кетиргени белгиленип, ылдамдык… саатына 654 чакырым жүргөн деп ылдыйлатылган. "Күнөөлүү" ылдамдыкты адаттагысынан 13 эсе көбөйтүп жибергени үчүн 6579 евро төлөшү керектиги жазылган.

Полиция техникалык мүчүлүштүк кетип калганына карабай айып пул жазган.

Маалыматта эң тез жүрөт деген автоунаанын ылдамдыгы саатына 463 чакырым болору айтылган.

"Формула-1" жарышынын чагылгандай тез жүргөн айдоочулары таймаш учурунда саатына 350 чакырымдан ашык жүрбөйт. Жергиликтүү басылмалардын билдиргенине караганда, эң тез жүргөн поезддердин ылдамдыгы мындан эки эсеге аз.

Жыйынтыгында бул окуя айдоочунун пайдасына аяктап, арыз менен кайрылгандыктан, айып пул жокко чыгарылган.

Бельгиялык журналисттер жакында эле Швейцарияда болгон окуяны эстешти. Ылдымдык 30 сааттан ашпаш керек деген чектөө орнотулган аймакта, радар жогорулатылган ылдамдыкты каттап калган. Тактай келгенде "шумахер"…өрдөк болуп чыккан. Канаттуу тез учуп өтүп кеткендиктен, аны техника кыйынчылык менен тааныган. Үч күндөн кийин баягы окуя дагы кайталанган. Анткени менен полиция бул өткөндөгү өрдөкпү же жаңысыбы, тактай албай койгон. Журналисттер эми айып пулду кимге кайсы дарекке жөнөтүшөт болду экен деп тамашалашкан.

152
Белгилер:
Бельгия, полиция, айып пул, радар
Тема боюнча
Тепловоз "Газелди" сүйрөп кетип, Казакстанда 9 киши көз жумду. Видео
Бишкектин көчөсүнө жол көрсөткүч орноткон активистке айып пул салынмай болду
Коронавируска кабылган бейтаптарды караган медик. Архивдик сүрөт

“Омикрон” менен пандемия аяктайбы? Вирусологдун божомолу

45
Буга чейин окумуштуулар жаңы штаммдын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Коронавирустун “омикрон” штаммынын пайда болушу менен COVID-19 илдети мурдагыдан жеңилирээк өтүп, кесепети дагы мурдагыдай оор болбой калышы мүмкүн. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Адис ДССУнун бул вирус дүйнө жүзүнө жыл жаңырганга чейин жайылып кетет деген пикирине кошулбай турганын айтты.

"Жаңы жылга чейин жайылып кетүүгө үлгүрбөйт. Мисалы, "дельта" 2020-жылдын күзүндө пайда болуп, дүйнөнүн ар тарабына быйылкы жылдын май-июль айларында жетти. Андыктан “омикрондун” канчалык жугуштуу экенин азырынча так кесе айтууга эрте”, — деди Альтштейн.

Ошондой эле ал омикрондун кандай алсыз жактары бар экенин айтып, дал ушул штамм менен пандемия аякташы мүмкүн экенин божомолдоду.

“Штаммдын S-белогу 32 жолу мутация болгон. Бул өтө көп, демек, геному алсыз. Буга чейин жуктуруп алган 100 киши жеңил формада ооруп жатат, каза болгондор жок. Коронавирустан өлгөндөрдүн саны кадимки грипптен көз жумгандарга теңелип калганда пандемия бүттү деп айтсак болот. Бул жаатта алганда пандемия “омикрон” менен бүтүп калышы дагы ыктымал”, — деди вирусолог.

Анткен менен адис сөзүнүн соңунда бардыгы бул штамм улгайган адамдарга жеткенде гана белгилүү болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат.

45
Белгилер:
коронавирус, 'омикрон' штаммы, вирусолог, божомол
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Дарбазачыга гол кирип атат. Иллюстративдик сүрөт

Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн машыктыруучунун жүрөгү кармап каза болду

49
(жаңыланган 18:55 04.12.2021)
Көз жумган машыктыруучунун командасы чечүүчү голду киргизген. Клуб алты күндүк аза күтүү жарыялап, машыгуулар менен оюндарды жылдырган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн башкы машыктыруучунун жүрөгү кармап көз жумду. Бул тууралуу Gulf News басылмасы жазды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от نادي المجد السكندري (@almagdsportsclub)

Окуя Египеттин экинчи дивизионунун оюндарында болгон. "Аль-Мадж" клубу мелдештин 93-мүнөтүндө чечүүчү топту киргизип, оюнчулар менен машыктыруучулук штаб жеңишти майрамдаган. Бөтөнчө клубдун башкы машыктыруучусу Эль-Сельхедар маңдайы жарыла сүйүнгөн.

Оюн кайрадан уланган, көрүүчүлөрдүн көңүлүн эси ооп жыгылган машыктыруучу бурган. Ал жактагы медиктер көмөктөшүп, андан кийин Тез жардам кызматын чакырганы менен ооруканага жетпей көз жумган. Дарыгерлер жүрөгү токтоп калганын айтышкан. Ал 53 жашта болгон.

Клуб алты күндүк аза күтүү жарыялаган. Команда машыгууларын токтотуп, оюндарды жылдырган.

49
Белгилер:
Египет, футбол, оюн, машыктыруучу, өлүм
Тема боюнча
Нидерландда футбол фанаттары турган трибуна оюн учурунда урап түштү. Видео
Сотрудник МЧС КР в аэропорту Манас, где спецборт доставил тела погибших кыргызстанок в пожаре в Москве

Кегетидеги Көл-Төргө чыккан кореялык турист көз жумду

0
(жаңыланган 20:41 04.12.2021)
Чет өлкөлүк туристтин эч-учун жоготуп жыгылганы боюнча маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Чүй районундагы Кегети капчыгайынын жогору жагында жайгашкан Көл-Төр көлүнө чыккан Түштүк Кореянын жараны каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматта чет элдик турист 70 жашта экени айтылат. Анын белгисиз себептерден улам эс-учун жоготуп жыгылганы тууралуу кабар ӨКМдин 112 кызматына саат 13.22лер чамасында түшкөн.

Жерине тартылган Токмок шаарынын төрт куткаруучусу сөөктү түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

0
Белгилер:
Чүй облусу, Кегети капчыгайы, Көл-Төр, сөөк, ӨКМ, ИИМ, турист
Тема боюнча
Ысык-Көлдө 15 күн мурда жоголгон турист кыздын сөөгү табылды. Сүрөттөр