Түндүк Корея Трамп менен сүйлөшүүнүн шартын атады

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЦеремония открытия нового жилого комплекса на улице Рёмён в Пхеньяне
Церемония открытия нового жилого комплекса на улице Рёмён в Пхеньяне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу Сингапурда 12-июнга белгиленген.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Түндүк Корея АКШ президенти Дональд Трамп өзөктүк көйгөйдү чечүүгө эле эмес, эки мамлекеттин ортосундагы алаканын жакшырышына да чындап кызыкдар болсо гана Америка менен жогорку деңгээлде сүйлөшүүгө макул. Бул тууралуу Түндүк Кореянын ТИМ жетекчиси Ким Ге Гванга таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Аткаминердин айтымында, Трамптын администрациясы мамилени жөнгө салууга ниети менен сүйлөшүүгө барган учурда гана Пхеньяндан оң жооп болот. Эгер денукларизация боюнча бир тараптуу талаптар айтылса, Түндүк Корея мындай диалогго макул болбойт.

"Анда алдыдагы жолугушуу тууралуу маселени кайра карап чыгууга мажбур болобуз", — деди министр.

Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу Сингапурда 12-июнга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0