WhatsApp мессенджеринде тайпалык чаттарга тиешелүү жаңы функциялар пайда болду

© REUTERS / DADO RUVICЛоготип мессенджера WhatsApp
Логотип мессенджера WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми тайпадан чыгып кеткен адам кайра кошулуу укугунан ажыратылат. Ал эми чаттын түзүүчүсүн мурдагыдай болуп башка администраторлор тайпадан чыгарып сала албайт.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. WhatsApp мессенджеринин жаратуучулары тиркемеге Telegram байланыш каражатыныкына окшош функцияларды кошту. Бул тууралуу Mashable порталы жазды.

Эми тайпалык чаттардын катышуучулары ал тууралуу маалыматты (түзүлүү максаты, шарттары, темалар) экрандын жогору жагынан көрө алат.

​Мындан тышкары, группадан чыгып кеткен адам кайра кошулуу укугунан ажырайт. Ал эми чаттын түзүүчүсүн мурдагыдай болуп башка администраторлор тайпадан чыгарып сала албайт.

Чаттагы "жашоого" көптөн бери аралашпай калган колдонуучу эми эч нерседен кам санабай эле "@" кнопкасын басып койсо, ага жазылган билдирүүлөрдү гана окуй алат. Mashable парталы жазганына карганда, мындай функция буга чейин эле Telegram мессенджеринде болгон.

​Жаңы кызматтар Android жана iPhone колдонуучуларынын айрымдарына жеткиликтүү болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0