Сауд Аравияда кыз-келиндер үчүн унаалар көргөзмөсү уюштурулду

© AFP / REEM BAESHENХиджаб кийген айдоочу аял. Архив
Хиджаб кийген айдоочу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-июндан баштап аталган өлкөдө аялдардын унаа айдоосуна салынган тыюу жокко чыгарылып, кыз-келиндер расмий түрдө рулга отурушат.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында биринчи жолу аялдар үчүн унаалар көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу The National басылмасына таянып, РИА Новости кабарлады.

​Pinkish ("Күлгүн") деп аталган көргөзмө үч күнгө созулуп, аялдар ал жактан унаа көргөндөн сырткары кызыккан суроолору боюнча автодиллер, камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү менен да сүйлөшө алышат.

​Ал эми 24-июндан баштап аталган өлкөдө аялдардын унаа айдоосуна салынган тыюу жокко чыгарылып, кыз-келиндер расмий түрдө рулга отурушат.

Аталган көргөзмөгө 80 миңге чукул адам келери күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0