РИА Новости Украина агенттигинин журналисти Кирилл Вышинский. Архив

Россия: журналист Вышинскийдин Украинада кармалышы боюнча иш козголду

76
(жаңыланган 13:20 18.05.2018)
РИА Новости Украина агенттигинин журналисти ушул шейшембиде кармалган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Россиянын Тергөө комитети РИА Новости Украина агенттигинин журналисти Кирилл Вышинскийдин Киевде кармалышы боюнча кылмыш иши козгоду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Украинанын Башкы прокуратурасы 2015-жылы Россиянын жарандыгын алган Вышинскийди 15-май күнү колго түшүрүп, аны мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен жоопко тарткан.

"Вышинскийди камакка алуунун башкы себеби — анын журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштуу деп эсептейбиз. Мындай жол менен алар журналистти Украина жана Россия тууралуу объективдүү маалымат таратуусуна тоскоол болгусу келип жатат. Мисалы, Крым Республикасынын Россиянын курамына кириши, экономикалык өнүгүүсү тууралуу", — деди Тергөө комитетинин төрайымы Светлана Петренко.

Кылмыш иши РФтин Кылмыш жана жаза кодексинин 144 (Журналисттин мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу) жана 299-беренелери (Күнөөсүз адамды кылмыш жазасына тартуу) менен козголду.

Украинанын Улуттук коопсуздук кызматы РИА Новости агенттигинин кабарчысы Людмила Лысенко менен аталган агенттиктин бул өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Андрей Бородиндин үйлөрүн тинтип, суракка алган.

Бул окуя тууралуу "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчилиги, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин маалымат катчысы Дмитрий Пеской өз ойлорун билдирип, бул кадамды журналистке кысым катары баалашты.

76
Белгилер:
тергөө, кылмыш иши, Кирилл Вышинский, Украина, Россия
Тема боюнча
Германия "Скрипалдын ишине" РФтин тиешеси далилденбегенин айтты
Пикирлер