АКШда электрондук тамеки жарылып, аны чегип жаткан киши каза болду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТретья профессиональная выставка вэйп индустрии в России
Третья профессиональная выставка вэйп индустрии в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2009-2016-жылдар аралыгында АКШда был чылымдын кесепетинен 195 адам жабыркаганы айтылат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Флорида штатынын Сент-Питерсберг шаарынын 38 жаштагы тургуну чегип жаткан электрондук тамекисинин жарылып кетишинен каза болду. Бул туурасында The New York Times басылмасы жазып чыкты.

Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар чылым чегүү менен тез жинденүүнүн байланышын аныкташты
Мындай адам өмүрүн алган окуя АКШда биринчи жолу болуп жатканы белгиленет. Толлмаджа Д'Эли атуу жарандын сөөгүн 5-майда өрт өчүрүү кызматкерлери өз үйүнөн тапкан. Медициналык экспертиза анын өлүмүнө электрондук тамеки себеп болгон деген тыянак чыгарган.

Ал эми полиция электрондук тамеки чегилип жаткан учурда жарылып, андан соң үй өрттөнгөнүн ишенимдүү айтууда.

2009-2016-жылдар аралыгында АКШда бул тамекинин кесепетинен 195 адам жабыркаганы айтылат. Бирок киши өмүрүнө забын болгон окуя катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0