Деңиз продукциялары. Архивдик сүрөт

Кардиологдор жүрөктү бекемдеш үчүн эмне жеш керектигин айышты

573
(жаңыланган 10:28 19.05.2018)
Деңиз продукциялары, балыктын майы мурдатан эле жүрөккө жана жүрөктүн кан тамырларына даба экени белгиленди.

БИШКЕК, 18-май – Sputnik. Балыкты жумасына жок дегенде эки ирет жеп туруу инфаркт жана жүрөктүн башка ооруларынан болуучу эрте өлүм кооптуулугун азайтат. Бул туурасында РИА Новости Circulation журналына шилтеме берип жазды.

"Балыктагы омега-3 май кислотасынын жүрөккө пайда экендигин жакшы билебиз. Биздин жаңы изилдөөлөр балыктын пайдасын дагы бир ирет тастыктап, этти кадимкидей эле алмаштыра ала тургандыгын айтты", — деген Гарвард университетинин окумуштуусу Эрик Римм.

Деңиз продукциялары, балыктын майы мурдатан эле жүрөккө жана жүрөктүн кан тамырларына жакшы жардамчы экендигин, кан басымды жана холестеринди азайтары айтылып келет. Андан сырткары, кан тамырларды жумшартары белгилүү болгон.

Медиктер бир аптада балыктын эки порциясын пайдалануу жүрөктүн тамырынын коронардык илдетинин пайда болушун, инфаркт менен инсульттун кармашын 40-50 пайызга азайтарын айтышты. Андан сырткары, балыктын таза майын колдонсо да ушундай натыйжа болорун билдиришти.

Буга чейин да илимпоздор шоколаддын кайсы түрү мээге пайдалуу экенин иликтеп чыгышты.

573
Белгилер:
кан тамыр, кан басымы, жүрөк, оору, ден соолук, Окумуштуулар
Тема боюнча
Илимпоздор шоколаддын кайсы түрү мээге пайдалуу экенин иликтеп чыгышты
Күндүз уктоо ден соолукка кандай таасир этерин окумуштуулар айтты
Медиктер фастфуддун иммунитетке таасири кандай болорун айтышты
Пикирлер