Израилдин премьери "Евровидение" сынагынын жеңүүчүсү менен "тоокчо" бийледи

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРепетиция первого полуфинала конкурса "Евровидения-2018"
Репетиция первого полуфинала конкурса Евровидения-2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы өзүнүн "тоок" бийин Нетаньяхуга анын резиденциясына барган учурда үйрөтүүгө аракет кылган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху "Евровидение" сынагынын жеңүүчүсү ырчы Нетта Барзилай менен "тоокчо" бийледи. Ал көңүл көтөргөн бийди Twitter баракчасына жарыялаган.

​Ырчы өзүнүн "тоок" бийин премьердин резиденциясына барган учурда ага жана аялына үйрөтүүгө аракет кылган.

"Нетта Барзилайды Иерусалимде тосуп алуу кандай жакшы! Нетта, баарыбыз сени жакшы көрөбүз, сен мекендештериңе сыймыктануу сезимин тартууладың", — деп Нетаньяху Twitter баракчасына жазды.

Эл аралык "Евровидение — 2018" сынагын быйыл израилдик ырчы Нетта Барзилай "Toy" аттуу ыры менен жеңди. Конкурстун финалы Португалиянын Лиссабон шаарында өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0