Кубада кыйраган учактан үч аял аман калган

© REUTERS / Alexandre Meneghini Крушение самолета на Кубе
Крушение самолета на Кубе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчү ташыган Boeing 737-200 аба кемеси жерден көтөрүлгөнүнө бир нече мүнөттөн кийин эле кырсыкка учураган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кубадагы учак кыйроосунан 107 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Мексиканын Global Air авиакомпаниясына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, учактын ичинде 110 адам болгон. Алардын 104ү жүргүнчү, калган алтоо экипаждын мүчөсү эле. Жүргүнчүлөрдүн көбү кубалыктар жана бир нечеси туристтер экени айтылды.

В Сети появилось видео с места авиакатастрофы на Кубе - Sputnik Кыргызстан
Учак кулаганын көргөндөр айласын таппай калышты. Кубадагы авиа кырсыктан кийинки видео
Эске салсак, 18-майда, жума күнү Кубада жүргүнчү ташыган Boeing 737-200 учагы Хосе Марти аэропортунан жаңы эле көтөрүлгөндө кырсыкка учураган.

Кийинчерээк, жергиликтүү ЖМКлар авиакырсыктан төрт адам аман калганын жазган. Андагы маалыматка караганда, түрдүү жаракат алган үч аял ооруканага жаткырылып, эркек адам медициналык жайга жетпей көз жумган.

Интернетте учак кулагандан кийинки алгачкы секундалардагы көрүнүштүн видеосу тарады. Аны Cibercuba каналы жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0