Улгайган кезде төшөк кумары эске тутууну жакшыртары аныкталды

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүЦеремония бракосочетания пары из Дома ветеранов войны прошла в Санкт-Петербурге
Церемония бракосочетания пары из Дома ветеранов войны прошла в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар элүү жаштан жогору болгон алты миңдей кишинин интимдик жашоосун иликтеген.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Карыган кезде төшөк кумары эске тутууну бир калыпта сактап турарын окумуштуулар аныкташты. Мындай жыйынтыкка австралиялык психолог Марк Аллен келгенин РИА Новости агенттиги Archives of Sexual Behavior журналына таянуу менен билдирди.

Секс кукла. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар секс-роботтордун зыянын айтып, коңгуроо кагууда
Окумуштуулар элүү жаштан жогору болгон алты миңдей кишинин интимдик жашоосун иликтеп, секс алардын эске тутуусун жакшыртпаганы менен анын начарлап кетишинин алдын алат деген жыйынтыкка келишкен. Ошондой эле өнөгү менен болгон эмоциялык байланыш эске тутууга жакшы таасир берет.

Андан сырткары кары адамдардын эске тутуусуна айлана-чөйрө дагы таасир берет. Окумуштуулар башкалар менен такай сүйлөшүү да акыл-эстин тунуктугун камсыздайт деген пикирде.

Жаңылыктар түрмөгү
0