ЖМК: Берлускониге мурдагы катчысы 3 миллион евро мурас калтырды

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүИталиянын экс-премьер-министри Сильвио Берлускони. Архив
Италиянын экс-премьер-министри Сильвио Берлускони. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катчы аял мындай кадамын "Берлускони менен чогуу иштешкен жылдар үчүн ыраазычылыгы" деп түшүндүргөн.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Италиянын экс-премьер-министри Сильвио Берлускониге мурдагы катчысы мураска үч миллион евро таштап кетти. Бул тууралуу Stampa газетине шилтеме берип, РИА Новости агенттиги жазды.

Гезитте жазылганына караганда, 88 жаштагы Анна Ч. 20 күн мурда каза болгон. Үч кыймылсыз мүлкү жана банкта бир эмес эки эсеби бар аялдын үй-бүлөсү да, жакыны да болгон эмес.

"Анна Ч. бизге бардык байлагын мурда катчысы катары чогуу иштешкен Сильвио Берлускониге таштарын айтып, мурас документтерин даярдап берүүбүздү суранган", — деди адвокат Андреа Феррари.

Катчы аял мындай кадамын "Берлускони менен чогуу иштешкен жылдар үчүн ыраазычылыгы" деп түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0