Балээге калды го! Трамп интернетке жубайынын атын туура эмес жазып алды

© AFP 2023 / SAUL LOEBАКШнын президенти Дональд Трамп менен биринчи айым Меланья. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп менен биринчи айым Меланья. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жуманын башында Меланья Трамптын бөйрөгүнө операция жасалган.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Twitter баракчасына жубайын ооруканадан чыгышы менен куттуктап жазган постунда анын атын туура эмес жазып алды. Бул туурасында The Hill гезити жазып чыкты.

Американын лидери жубайын Мелани деп атаган. 

"Эң сонун! Биздин татынакай биринчи айым Ак үйгө кайтып келди. Мелани өзүн абдан жакшы сезип жатат", — деп жазган Трамп. 

​Бир нече убакыттын кийин ал твитти өчүрүп, "Меланья" деп оңдоп жазып кайра башынан жарыялаган. 

Меланья Трамп Уолтер Рид атындагы улуттук аскерий-медициналык борбордо бир жума дарыланып чыгып Ак үйгө келген. Ушул жуманын башында анын бөйрөгүнө операция жасалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0