Ханзада Гарринин мурдагы сүйгөнүнүн сүрөтү интернетте мемге айланды

© REUTERS / Odd ANDERSEN/PoolХанзада Гарринин мурдагы сүйлөшкөн кызы Челси Дэви
Ханзада Гарринин мурдагы сүйлөшкөн кызы Челси Дэви - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрымдар Челсинин чакырууну кабыл алып, тойго келишин эрдик катары баалашты.

БИШКЕК, 20-май. — Sputnik. Ханзада Гарринин мурдагы сүйлөшкөн кызы Челси Дэвинин үлпөт тойго келип, маанайы жок отурган сүрөтү интернетте катуу талкууга алынды. Бул тууралуу Buzzfeed порталы жазып чыкты.

Анын үлпөт тойдогу сүрөтү интернетке тарап, мемге айланууда.

"Мурдагы сүйгөнүңдүн үйлөнүү тоюнда отургандагы абал", — деп жазган интернет колдонуучулардын бири сүрөттүн алдына.

​Ал эми busipsych аттуу колдонуучу "Кинодогу жигити таштаган аялдардай болуп калыптыр. Бирок бир нерсени пландап жатат. Ичи күйгөнү көрүнүп турат" деген пикирин жазды.

​Маалыматка караганда, мындай посттор социалдык тармактарга "Анын ордунда мен болушум керек эле" хэштеги менен тараган.

"Кебетесин бир сөз менен сүрөттөй албайсың, – деп Twitter тармагында жазышты.

​Кийин Дэвини үлпөт кечесине эмес, күндүзгү никелешүү салтанатына гана чакырышканын айтып чыккандар болду.

"Эмнеге аны кечеге чакырышкан жок. Бул эмне ханзаданын менин кыйындыгымды көрүп алып, андан ары үйүңө кете бер дегениби?" — деп жазды Thor Odinson аттуу колдонуучу.

​Ал эми дагы бирөөлөр Челсинин чакырууну кабыл алып, тойго келишин эрдик катары баалашты.

"Ким эле мурдагы сүйүктүүсүнүн үлпөт тоюна барып атыптыр? Челси азамат экен", — деп жазгандар дагы болду.

Белгилей кетсек, Челси Дэви менен ханзада Гарри беш жыл мамиледе болуп, 2010-жылы кол үзүшкөн. Ал 2011-жылы ханзада Уильямдын дагы үлпөт тоюна келген.

Улуу Британиянын ханзадасы менен АКШлык мурдагы актрисанын үйлөнүү тою ишемби күнү болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0