Окумуштуулар түн уйкудан калуу кандай ооруларды чакырарын айтты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТүнкүсүн компьютерде иштеп жаткан адам. Архви
Түнкүсүн компьютерде иштеп жаткан адам. Архви - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн иштегендер арасында кант диабетине чалдыккандар арбын.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Болгону эки түн уктабай койгон адамдын организминдеги 100дөн ашык белоктун биологиялык сааты бузулуп, зат алмашуу процесси начарлап, кандагы канттын деңгээли жогорулап кетет. Бул тууралуу Колорадо штатындагы Боулдер университетинин окумуштууларына таянып РИА Новости агенттиги жазып чыкты. 

Кроватьта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адам кантип уктаганда түшү оңолору белгилүү болду
Изилдөө учурунда миңдеген белоктун "расписаниеси" түзүлгөн. Ага ылайык, күн менен түндүн алмашуусунан 129 гормондун түзүлүшүнүн бузулушу байкалган.

Мисалы, алардын арасында канга кант жиберүү үчүн боорго сигнал берген глюкагон гормону бар. Окумуштуулардын айтымында, түнкү уйкудан калган учурда мындай процесс максималдык активдүүлүк менен иштей баштайт. Ошондуктан кант диабетине чалдыккандардын көбү түнкүсүн иштегендер болуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0