Илимпоздор: кеңседе отуруп иштеген адамдардын саламаттыгы коркунучта

© Sputnik / Жоомарт УраимовОфис кызматкери. Архив
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бутка күч келбесе адамдын мээси жабыркайт.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жаңы изилдөөлөр кеңседе отуруп иштеген адамдардын организминде нейрондордун иштелип чыгышы кескин төмөндөп, мээнин иштеши басаңдай турганын көрсөттү. Бул тууралуу Life агенттиги Милан университетинин окумуштууларына шилтеме берип жазып чыкты. 

Билдирмеге караганда, бутка күч келбесе адамдын мээси жабыркайт.

Окумуштуулар чычкандарга тажрыйба жасап көрүшкөн. Жаныбарлар 28 күн бою арткы бутуна турган эмес. Бирок жакшы шартта багылган. Бир нече күн өткөндөн кийин кемирүүчүлөрдүн абалы начарлай баштаган.

"Чычкандардын арткы буттарынын көп кыймылдабай калышы мээдеги нерв клеткаларынын 70 пайызга азайып кетишине алып келген. Көрсө нерв системасынын нормалдуу иштеши үчүн көп басыш керек экен. Мындай ачылышка ылайык, окумуштуулар кеңседе кечке отуруп иштеген адамдардын ден соолугуна чоң коркунуч жаралып жатканын эскертишүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жумасына беш күн отуруп иштеген адамдардын бутуна көп күч келбегендиктен нерв клеткаларындагы жаңы нейрондордун иштелип чыгышы кескин азаяры кошумчаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0