Индияда үч киши өз ажалын видеого тартып алган

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСуудагы адам. Архив
Суудагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдар 22, 27 жана 28 жашта экени, сууга түшуп жатып терең жерине кирип чыга албай калганы айтылды.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Индияда үч киши сууга түшүп чөгүп кеткени өзүлөрүнүн видеосуна түшүп калган. Бул тууралуу Британиянын The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 

Каргашалуу окуя Индиянын батыш аймагында жайгашкан Раджастан штатында болгон.

22, 27 жана 28 жаштагы үч киши велосипед тээп баратып, жакын жердеги көлмөгө түшмөй болушат. Сууга түшөөр алдында телефондогу видеокамераны жандырып сууга кирип кетишкен.

Чөгүп бараткан шеригин көргөн берки экөө аны куткаруу үчүн барып, алар да суудан чыга албай калышкан. Кырсык болгон жерге келген полиция кызматкерлери телефонго тартылып калган кадрларды таап алышканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0