Киевде россиялык журналистти атып кетишти

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүВ Киеве убит журналист Аркадий Бабченко
В Киеве убит журналист Аркадий Бабченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйүнүн тепкичинде турганда далысына ок жеген журналист, ооруканага жетпей жолдон, Тез жардам унаасында көз жумган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Киевде 29-майда, кечинде атылган россиялык журналист Аркадий Бабченкону артынан аңдып жүргөн киллер өлтүрдү. Мындай пикирди маркумдун достору айткан.

Окуя анын үйүнүн жанында болгон. Журналист Юрия Мацарскийдин айтымында, анын артынан түшкөн киши эле түбүнө жетти.

"Окуяны тизмектесек, ал үйүнө келгенден кийин көп өтпөй эле ок жеген. Демек, даярдык кадимкидей болгон. Бул өч алам деген кандайдыр бир фанатик эмес, бул аттанып түшкөн, даярдык менен жасалган өлтүрүү", — деди Мацарский.

Бабченко жаңы эле эс алуудан келгенден кийин ага кол салуу болгонун досу Айдер Муждабаев айтып берген.

Киев шаарында үйүнүн жанынан россиялык журналист Аркадий Бабченкону атып кетишти. Үйүнүн тепкичинде турганда далысына ок жеген журналист, ооруканага жетпей жолдон, Тез жардам унаасында көз жумган. Бул туурасында Украинанын Жогорку радасынын депутаты, ИИМдин коллегиясынын мүчөсү Антон Геращенко да билдирген.

Москвадагы Украина элчилигинин алдына РИА Новости жана РИА Новости Украина агенттиктеринин мыйзамсыз кармалып, суракка алынган журналисттерин колдогондор митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Москвада журналист Кирилл Вышинскийди колдогондор митингге чыкты. Сүрөт
Маалыматта Украина полициясы кол салуунун бир нече версиясын карап, иликтей тургандыгын айткан. Анын ичинде кесибине байланыштуу да болушу мүмкүн деген пикирлер да айтылган.

"Алар үй-бүлөсү менен эс алып жаңы эле келишкен. Кайда барышкандыгын билбейм, себеби мага айткан эмес. Кеткенинен кабарыбыз бар эле, бирок качан кайтарын билбейт элек. Өздөрүнүн автоунаасы менен жүрүшкөн. Машинада тыңшагыч болгон го деп ойлоп жатам. Алар (өлтүргөндөр – ред.) анын кайда басып-турганын билген окшойт", — деген Муждабаев.

Россиянын Тергөө комитети россиялык жарандын Киевде өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0