Бегемот антилопаны суу жээгине чыгарам деп гиен иттерине жем кылды. Видео

Жазылуу
Түштүк Африканын Крюгер улуттук паркында бегемот суудан "куткарган" антилопа жээкке чыгары менен гиен иттерине жем болду.

Окуяны The Daily Mail агенттиги жазып чыкты.

Күбөлөрдүн айтымында, гиен иттеринин тобу суу жээгинде турган жаш антилопаны кармоо үчүн аңчылык кылып жүргөн. Бир убакта антилопа сууга кирип кетет. "Чөгүп баратат экен" деп ойлогон бегемот аны жээкке чыгарып, бирок антилопа суудан чыгары менен аңдып турган иттердин жемине айланган.

"Биз жолдо болчубуз. Бир убакта жаш антилопаны аңдып жүргөн иттердин тобун көрүп калдык. Ача туяктуу бак-шакты аралап сууга кирип кетип, гиен иттери артынан бара албай калышты", — деди видеонун автору Арун Рао.

​Ушул эле корукта гну антилопасы арстандарды мүйүзү менен челип аман калган видеосу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0