Омандагы циклондун кесепети

Жалган эмес! Нөшөрлөгөн жаандан улам дүйнөдөгү эң ири чөлдү суу каптады

2828
(жаңыланган 16:14 02.06.2018)
Катуу жааган жамгырдын айынан сел жүрүп, жер бетиндеги эң ири делген Руб-эль-Хали чөлүн каптап кеткен.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Оманда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Эль-Хархир, Таблотен жана Умм аль-Мелх райондорунда катуу жаан жааган. Жаратылыш кырсыгынан жети адам көз жумган. Андан сырткары, 500дөн ашык үй-бүлө башка аймактарга көчүрүлгөн.

Араб жарым аралында мындай өзгөчө кырдаал акыркы жыйырма жылдан бери байкалган эмес.

2828
Белгилер:
жаратылыш кырсыгы, жамгыр, сел, Оман
Тема боюнча
Бразилиялыктарды жаратылыштын өзгөчө кубулушу таң калтырды. Видео
Лейлек районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Селдин видеосу
Италиядагы суу куюндун бийиктиги булуттарга чейин жетти. Видео