Буйвол белгилүү мергенчини челип өлтүрдү

© AFP / TONY KARUMBAБуйвол. Архив
Буйвол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон мергенчи сафари-паркына ээлик кылып, европалыктар үчүн ууга чыгууну уюштуруп турган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Түштүк Африкада буйвол профессионал мергенчи Клауд Клейнхансты сүзүп өлтүргөнүн The Daily Mail басылмасы жазды.

Окуя Лимпопо провинциясында болгон. Ал жакта Клейнханс гиддердин коштоосунда буйволго аңчылык кылып жүргөн. Мергенчи атып алган олжосун машинага жүктөп жатканда башка буйвол келип сүзгөн. Натыйжада мергенчинин жамбаш кан-тамырлары үзүлүп кетип ошол жерде каза болгон.

​Маркум мергенчи Guwela Hunting Safaris сафари-паркына ээлик кылып, европалыктар үчүн аңчылык уюштуруп турган. Клейнханс каза болгону тууралуу ЖМКларга билдирүү чыкканда жаратылыш коргоочулары анын Facebook баракчасын чабуулга алышкан.

"Жаныбарлар браконьерлерди өлтүргөнүн жакшы көрөм. Бул учурда мен чексиз бактылуу болом", — деген пикирин тургундар жазышкан.

Ал эми АКШда жарадар болгон каз аңчынын тишин сындырып, бетин тытып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0