БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Финляндия ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине 2019-жылы финдердин саунага түшүү салтын жана 2020-жылы Каустинен (Kaustinen) улуттук музыкалык аспабын киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн билим берүү жана илим министрлигине таянуу менен маалымдады.
ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине ар бир өлкө жылына бир гана баалуулугун сунуштай алат.
Учурда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Финляндиянын жети баалуулугу киргизилген.
ЮНЕСКОнун аталган тизмесине жакында эле Кыргызстандын көк бөрү оюну, тажик жана өзбек палоолору киргизилген болчу.
Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине эмнелер киргенин материалдан окугула.