ФБР агенти сальто жасайм деп жай жаранга ок чыгарып алды

Жазылуу
Жаракат алган адамдын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаралган эмес.

БИШКЕК, 3-июн — Sputnik. АКШдагы Денвер шаарындагы барлардын биринде бийлеп жатып,  ФБР агенти жай жаранга ок чыгарып алды. Видеону NEWS9 кабарчысы Twitter баракчасына жарыялаган.

​Кадрдан жигит бий аянтчасында сальто жасап жаткан учурда, шымына кыстарылган тапанчасы түшүп кеткенин көрүүгө болот. Ал куралын алам деп жатып кокусунан машаасын басып алып, тегеректеп турган жай жаранды атып алган.

Маалыматта жаракат алган адамдын өмүрүнө олуттуу коркунуч келбегендиги айтылат.  Окуяны укук коргоо органдары иликтөөгө алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0